Бишкекте 5 инвесторду ири суммага алдап кетти делген аял кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кишен жана акча каражаттары. Архив
Кол кишен жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыл мурда өзүн финансы компаниясынын кызматкери катары тааныштырган аял беш адамдан акча алып качып кеткен.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген аялды колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Алдамчылык фактысы боюнча арыз менен К.Ж. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, 2017-жылдын 25-майында бейтааныш аял өзүн финансы компаниясынын кызматкери катары тааныштырып, уюмга инвестиция салуу шылтоосу менен 516 миң сомун алып кеткен. Кийин изин сууткан. Бул аялга каршы арыз менен дагы төрт адам кайрылган.

"Алдамчылыкка шектелип Чүй облусунун 41 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешесинин бар-жогу текшерилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен каттоого алынды.

Бул адамдан жабыркагандар болсо (0312) 56-60-43, (0550) 10-23-60, (0501) 102-102, (0706) 102-102 номерлерине кабарлаңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0