Баткенде эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн окуучулардын абалы айтылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЭмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив
Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-апрель күнү Баткендеги №3 орто мектепте вакцинация жүргөн. Ата-энелердин айтымында, 15 баланын абалы начарлап ооруканага түшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги буга вакцинанын тиешеси жок экенин айтууда.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Баткендеги № 3 мектепте кептөөргө каршы эмдөө алган окуучулардын абалы жакшы болуп, бүгүн ооруканадан үйүнө чыгарылат. Бул туурасында Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстанга айтып берди.

Эске салсак, кечээ, 9-апрелде, эмдөөдөн кийин 15 окуучу башы айланып, облустук ооруканага жеткирилген. Төрт окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, калган 11 окуучу дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн.

Бүгүн, 10-апрелде, окуучулардын абалы кандай экендигин Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

"Биз түндө билдиргендей, балдардын абалы жакшы. Кечээтен бери дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Башы айланып, кан басымдары бир нече убакытка көтөрүлгөн. Кайталап айта кетейин, кечээ окуучулар ийне сайганда чочуп, илимий тил менен айтканда, психогенндик мүнөздөгү реакция болгон. Азыр балдарды үйүнө чыгарып жатабыз", — деди Ишенапысова.

Адис окуучулардын абалынын начарлашы вакцинанын өзүнөн эместигин, аны сайганда баарын бир бөлмөгө киргизгендиктен, балдар бири-бирин көргөндүктөн болгондугун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0