Оорукананын алдына таштап кетишкен. Бишкекте сабалган эки кишинин бири көз жумду

Жазылуу
Белгисиз адамдар жеке клиниканын алдына катуу сабалган эки адамды таштап кеткен. Жабырлануучулардын аты-жөнү аныкталды.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин алдына белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири каза болуп калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде 7 жашар баланы уурдап, 120 миң доллар үчүн өлтүрүп салышты
Анын айтымына караганда, окуя түн ортосунда болгон. Белгисиз адамдар унаа менен келишкени маалым болду. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүлөрдүн ким экенин тактоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 10-апрелде, эртең мененки саат 8:30да Тез жардам кызматына "КАМЭК" менчик клиникасынан билдирүү түшкөнүн айтышты.

Министрлик жабырлануучулардын бири каза болуп калганын ырастады. Экинчиси реанимацияда, комада жатат.

Милиция азырынча сабалгандардын ким экенин тактады.

"Реанимация бөлүмүнөн көз жумган кишинин жанынан айдоочулук күбөлүгү табылды. Андагы маалыматка караганда, А.И. аттуу жаран 1974-жылы туулган. Экинчиси 1983-жылкы киши, учурда оор абалда", — дешти милициядан.

Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор залака тийгизүү") менен каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0