"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүүбү?

© Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"Генеральный директор ОАО "Электрические станции" Аскар Эшимбеков
Генеральный директор ОАО Электрические станции Аскар Эшимбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум Аскар Эшимбековдун жубайынын айтымында, операциядан кийин жолдошунун абалы начарлап кеткен. Бирок дарыгерлер ага жөтөлдүн дарысын жазып беришкен.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасынын директору Аскар Эшимбековдун өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү экенин маркумдун жубайы Фатима Эшимбекова билдирди.

Компаниянын жетекчиси 20-мартта каза тапкан. Анын артында төрт баласы калды.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жон терим менен сездим. Медицинаны акы төлөөгө өткөрүү керек экен
Эшимбекова президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, ИИМге, Саламаттык сактоо министрлигине жана башка ведомстволорго кайрылып, Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун дарыгерлерин жоопкерчиликке тартууну өтүндү.

Анын айтымында, 14-мартта Эшимбеков Камбар-Ата ГЭСине болгон иш сапарынан кайтып келе жатып ичи ооруй баштаган. Ал Бишкекке келер замат хирургиялык борборго жеткирилген. Ал жактан "сокур ичеги" деген диагноз коюлган.

"Операция жасалгандан төрт күн өткөндөн кийин жолдошумдун дем алуусу кыйындай баштады. Мындан улам жолдошумду караган Б.Иманов аттуу дарыгерге маалымат бердик. Ал болсо башка чара көрбөстөн жөтөлдүн дарысын жазып берип койду. Жолдошумдун абалы начарлай берди. Сапар деген дарыгерге айтсак, ал организмдин анестезияга болгон реакциясы ушундай болот деп койду. 20-мартта жолдошум инфаркт болуп көз жумду", — деди Эшимбекова.

Анын айтымына караганда, ведомстволор аралык топ түзүлүп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле соттук медициналык экспертиза дайындалып, ишке ИИМдин тергөөчүлөрү киришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы ведомстводо жумушчу топ түзүлүп, ички иликтөө башталганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0