Капельница. Архивдик сүрөт

ШИИБ: оорукананын алдына ташталган кишилердин экинчиси да каза тапты

126
(жаңыланган 10:42 11.04.2019)
Белгисиз адамдар төрөткананын алдына катуу сабалган эки адамды таштап кетишкен. Жаракат алгандардын экинчиси дагы көз жумду.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Cабалып, андан соң №2 төрөткананын жанына ташталган кишилердин экинчиси дагы көз жумду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек ШИИББден кабарлашты.

10-апрель күнү саат 1:45те күзөт кызматына белгисиз адамдар медициналык мекеменин алдына сабалган эки кишини таштап кетишкени тууралуу кабар түшкөн. Маалыматка караганда, А.И. аттуу жаран 1974-жылы туулган, экинчиси У.А. 1983-жылкы. Эркек кишилердин бири 10-апрель күнү эртең менен каза болсо, экинчиси комада жаткан эле.

"Сабалгандардын экинчиси У. А. нейрохирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө жатып, жан берди", — деп айтылат ШИИББ берген маалыматта.

Милициянын болжолдуу маалыматы боюнча каза тапкандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турган.

Факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор залака тийгизүү") менен каттоого алынган.

126
Белгилер:
оорукана, кылмыш, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Ноокенде 7 жашар баланы уурдап, 120 миң доллар үчүн өлтүрүп салышты