Кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз "Дөөгө" издөө жарыяланды. Сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, аны ушул жылдын февраль айында жатак абагына которушкан.

БИШКЕК, 11-Апр. — Sputnik. "Дөө" каймана аты менен таанымал кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Чыңгыз Жумагулов эки кишини өлтүрө сабаган деп шектелип изделип жатат. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

© Фото / пресс-служба МВД КР"Чыңгыз Дөө" каймана аты менен таанымал, кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Чыңгыз Жумагулов
Кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Дөөгө издөө жарыяланды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Чыңгыз Дөө" каймана аты менен таанымал, кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Чыңгыз Жумагулов

Эске салсак, 10-апрель түнү Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин алдына белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири 45, экинчиси 36 жаштагы жарандар болгон. Экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Алдын ала маалыматка караганда, алар кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушкан.

Кылмышка шектүү катары кылмыштуу топтун эки мүчөсү колго түшүрүлдү.

"Дөө" каймана аты менен кылмыш дүйнөсүнө таанылган 38 жаштагы Жумагулов Чыңгыз Адашкановичке издөө жарыяланды. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылынын тургуну", — деп айтылат билдирүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, аны ушул жылдын февраль айында жатак абагына которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0