Антальяда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык кызды уурдап кетишти

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАнталья шаары. Архив
Анталья шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип сакчыларына аны уурдап кетти деп курбусу кайрылган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында кыргызстандык кызды уурдап кетишкенин Haberler сайты жергиликтүү полицияга таянып кабарлады.

Басылманын кабарына караганда, полицияга курбумду уурдап кетти деп кыз киши кайрылган. Анын айтымына караганда, белгисиз бирөөлөр кызды автоунаага түртүп киргизип, алып кеткен.

Кантта 12 жаштагы баланы уурдап бараткан учур видеого түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Кантта 12 жаштагы баланы уурдап бараткан учур видеого түшүп калды
Окуя 10-апрелде болжол менен саат 15:30дар чамасында Кызыл-Сарай көчөсүндө болгон.

Курбусу уурдалган кыздын сумкасында анча көп эмес акча жана паспорту бар экендигин билдирген.

Учурда калаа полициясы издөө жана изилдөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы маалымдалды.

Маалыматта жоголгон кыздын Стамбулда жашаары, ал эми Антальяга досторуна келгендиги кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0