ЖМК: Москвада башы жарылган кыргызстандык кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМоскванын полиция жана тез жардам кызматы. Архив
Москванын полиция жана тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөчүлөр Москвада өлтүрүлгөн киши эч жерде иштебей турганын аныкташкан.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Москвада кыргызстандык 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу "Москва" басылмасы укук коргоо органдарынын маалыматына таянып кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, анын сөөгү 11-апрелде Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан Ичка дарыясынын жайылма жеринде темир көпүрөнүн алдынан табылган. Маалыматта башы жарылганы айтылган.

"Окуя болгон жерден кан болгон үч таш, рюкзак, ботинка, документ жана 500 рубль табылган", — деп жазылат маалыматта.

Тергөөчүлөр өлтүрүлгөн адам Кыргызстандын жараны экендигин жана Москвада эч жерде иштебегендигин аныкташкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова учурда бул маалымат такталып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0