Бишкекте маршрутка "Жашылчарбанын" жумушчусун коюп, 20 метрдей сүйрөп кетти. Сүрөт

967
(жаңыланган 18:40 15.04.2019)
Жол кырсыгы эртең менен саат 7:20лар чамасында болгон.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жүргүнчү ташыган бус Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен мотороллер тээп бараткан "Бишкекжашылчарба" ишканасынын кызматкерин коюп кетти. Кырсыктын сүрөтүн күбө Facebook баракчасына жарыялады.

Шаардык ЖКККБ кырсык болгонун ырастап, жол кырсыгы саат 7:20лар чамасында болгонун билдирди.

  • Жүргүнчү ташыган бус Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен моторолер тээп бараткан "Бишкекжашылчарба" ишканасынын кызматкерин коюп кетти.
    © Фото / пресс-служба ПМ "Бишкекзеленхоз"
  • Шаардык ЖКККБ кырсык болгонун ырастап, жол кырсыгы саат 7:20лар чамасында болгонун билдирди.
    © Фото / пресс-служба ПМ "Бишкекзеленхоз"
  • Ага ылайык, маршруттук такси батышты көздөй баратып, моторолер тээп бараткан кишини коюп кеткен. Жабыркаган киши ооруканага жеткирилди.
    © Фото / пресс-служба ПМ "Бишкекзеленхоз"
1 / 3
© Фото / пресс-служба ПМ "Бишкекзеленхоз"
Жүргүнчү ташыган бус Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен моторолер тээп бараткан "Бишкекжашылчарба" ишканасынын кызматкерин коюп кетти.

Ага ылайык, маршруттук такси батышты көздөй баратып, мотороллер тээп бараткан кишини коюп кеткен. Жабыркаган киши ооруканага жеткирилди.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын маалымат кызматы жабыркаган киши алардын кызматкери экенин билдирип, бус аны 20 метрдей сүйрөп кеткенин кабарлашты. Кызматкердин ден соолугу тууралуу маалымат кийин берилерин маалымдашты.

967
Белгилер:
маршрутка, жол кырсыгы, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (137)
Тема боюнча
Сокулукта машина коюп кеткен киши каза болду. Милиционер шектелүүдө
Бишкекте жүк ташыган бус кишини учура сүзгөнү видеого түшүп калган