Дача СУдагы авиакырсык боюнча кылмыш иши жанданды

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Таабалды Тиллаев "Дача СУда кулаган учактагы жүккө кыргызстандыктардын тийиштиги барбы?" деп суроо салды.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда Дача СУдагы авиакырсык боюнча тергөө иштери жанданганын билдирди.

Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Үйү сейил бакка, баласы топуракка айланып... Авиакырсыктан көз жумгандар эскерилди
Жыйында депутат Таабалды Тиллаев Дача СУдагы авиакырсык боюнча иштер эмне болуп жатканына кызыгып: "Андагы жүк кимдики, же аткезчилик жол менен келгенби?" - деп суроо салды.

Жамшитов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, авиакырсык боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын айтып, бирок ал чечимди Башкы прокуратура жокко чыгарып, кылмыш ишин тергөө жанданганын кошумчалады.

Депутат өз кезегинде "Кыргызстандын жарандарынын ошол жүккө тиешеси барбы, ачык айта аласыңарбы?" деп кызыкты.

Жамшитов болсо бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирди.

"Азыр тергөө болуп жатат, калганын ошонун жыйынтыгы менен айталы. Бардык кылмыш иши тергелип жатканда купуя сыры болот. Кандай гана кылмыш иши болбосун мен өз пикиримди айтсам, тергөөчү "башкы прокурор айтып жатат" деп аны желек катары көтөрүп алышы мүмкүн", — деди ал.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына таңга жуук жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Анын 35и жергиликтүү тургун болсо, төртөө чет өлкөлүк учкучтар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0