Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРСпасение мужчины, который сорвался со скалы в Джалал-Абаде
Спасение мужчины, который сорвался со скалы в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Тоскоол айылынын Алаш тоосунда жардан кулап кеткен 41 жаштагы киши табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 15-апрель күнү болгон. Кырсык тууралуу куткаруучуларга саат 23:45те кабарланган. Алар издөө иштерин түнкү саат 02.40ка чейин жүргүзүп, бирок андан майнап чыккан эмес. 

© Фото / пресс-служба МЧС КР Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Тоскоол айылынын Алаш тоосунда жардан кулап кеткен 41 жаштагы киши табылды
Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Тоскоол айылынын Алаш тоосунда жардан кулап кеткен 41 жаштагы киши табылды

"Бүгүн, 16-апрелде, куткаруучулар эртең мененки саат 07:40та жабырлануучуну таап, саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.

© Фото / пресс-служба МЧС КРКиши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык
Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Киши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык

Киши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0