Акча кармап турган адам. Архив

УКМК: Каттоо кызматынын айрым жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды

148
(жаңыланган 17:21 16.04.2019)
Тендердик комиссия эң арзан баа сунуштаган компанияны тандаган эмес.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жаңы муундагы биометрикалык паспорттордун бланкасын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде келтирилген чыгымдын көлөмүн атады.

Анда 2018-жылдын 8-октябрында 1 миллиард 200 миллион сомго биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Анда тендерге беш чет элдик компания катышып, алардын бири эң арзан баа — 686 миллион 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясы 940 миллион 150 миң сунуштаган компанияны жеңүүчү деп тапкан.

"Натыйжада катышуучулар сунуштаган каражаттын айырмасы 253 миллион 377 миң 750 сомду түздү. Тагыраак айтканда, жаңы үлгүдөгү бир паспорттун баасы 165 сомго арзаныраак болуп 420 сом турмак. Тендердик комиссия жеңүүчү деп тапкан компаниянын сунуштаган баасы 585 сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, атайын бланкты даярдоодо көп жылдык тажрыйбасы бар, дүйнөгө белгилүү компаниялар негизсиз себептер менен тендердик комиссия тарабынан сынактан четтетилген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМК Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.

Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин алкагында тендерди жеңип чыккан чет өлкөлүк компаниянын Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген адамдарга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Уучурда мекеменин жетекчилик кызматында иштеген үч киши убактылуу кармоо жайына киргизилди.

МККнын расмий маалыматына ылайык, Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту үчүн 130 миң бланк бар, ошондой эле 2019-жылдын 2-майына чейин 250 миң даанасы (32 000 даанасы калктын муктаждыгына байланыштуу ай сайын) алып келинет.

148
Белгилер:
коррупция, паспорт, Мамлекеттик каттоо кызматы, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстанда "туристтин паспорту" пайда болот. Анын кандай зарылдыгы бар
Дамир уулу: жакында Кыргызстанда туристтин паспорту иштей баштайт