Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөөгө 115 куткаруучу чыкты.

Сууга чөккөн Барсбекти издөөгө казакстандык куткаруучулар да тартылды

455
(жаңыланган 12:12 17.04.2019)
Жаш үй-бүлөнүн туугандарынын айтымында, сууга аккан бөбөк алардын тун уулу болчу.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар Барсбек Бектемировду издөөгө бүгүн, 17-апрелде, 115 куткаруучу чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бөбөктү табууга Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата жана Москва райондорунан, Токмок шаарынан куткаруучулар тартылган. Мындан сырткары, издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казакстан ИИМинин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен төрт суучул да чыкты.

  • На поиски утонувшего 5-летнего ребенка в реке Ат-Баши в селе Константиновка Чуйской области вышли 115 спасателей и четыре водолаза из Казахстана. 17 апреля, 2019 года
    Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөөгө бүгүн, 17-апрелде, 115 куткаруучу чыкты.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • На поиски утонувшего 5-летнего ребенка в реке Ат-Баши  в селе Константиновка Чуйской области вышли 115 спасателей и четыре водолаза из Казахстана. 17 апреля, 2019 года
    Бөбөктү табууга Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата жана Москва райондорунан, Токмок шаарынан куткаруучулар тартылган.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • На поиски утонувшего 5-летнего ребенка в реке Ат-Баши в селе Константиновка Чуйской области вышли 115 спасателей и четыре водолаза из Казахстана. 17 апреля, 2019 года
    Мындан сырткары, издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казакстан ИИМинин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен төрт суучул да чыкты.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • На поиски утонувшего 5-летнего ребенка в реке Ат-Баши в селе Константиновка Чуйской области вышли 115 спасателей и четыре водолаза из Казахстана. 17 апреля, 2019 года
    Эске салсак, 11-апрель күнү бөбөк Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөөгө бүгүн, 17-апрелде, 115 куткаруучу чыкты.

Эске салсак, 11-апрелде 5 жашар Барсбек Бектемиров Чүйдүн Константиновка айылында Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен. Алгачкы күнү аны издөөгө 11 куткаруучу тартылып, таппай, 15-апрелде издөө иштерине 100гө чукул куткаруучу чыккан. Бирок дагы деле табыла элек.

Баланын кош бойлуу энеси уулун табууга элден жардам сураган видеосу тараган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Первый Женский Клуб KG 💎 (@molodye_mamochki_kg)

Абалы начарлаган келинге психолог менен дарыгерлер жардам берүүдө.

Жаш үй-бүлөнүн туугандарынын айтымында, сууга аккан бөбөк алардын тун уулу болчу.

455
Белгилер:
ӨКМ, издөө, чөгүп кетүү, бала, Ат-Башы, Аламүдүн району, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстан: муз жарылып, сууга кирип кеткен үй-бүлө 5 жашар кызынан айрылды
Чүйдө сууга агып кеткен бала табыла элек. Кош бойлуу энесинин абалы начар