Ош: үч эм күтүп, бирок эгиз төрөгөн эне дарыгерлердин үстүнөн арызданат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваГулзина Абдимажитова родившая двойню
Гулзина Абдимажитова родившая двойню - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгиз кыздардын энеси чүрпөлөрү менен үйүнө чыгарылды.

ОШ, 17-апр. – Sputnik. Үч эм күтүп, бирок Ош облустук төрөт үйүндө эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келген 24 жаштагы Гүлзина Абдимажитова дарыгерлердин үстүнөн арыздана турганын билдирди.

Келин 9-апрелде түнкү саат 1:00дөр чамасында көз жарып, дарыгерлер эгиз кыздарды колуна берген. Ал эми өзүнүн айтымында, буга чейин Жалал-Абад шаарында 2018-жылдын сентябрь айында эки айлык кош бойлуу кезинде УЗИ аппараты анын үч эм төрөй тургандыгын аныктаган. Келин андан соң Ош шаарындагы ооруканалардын биринде УЗИге түшүп, анда да үч эм төрөй тургандыгы боюнча корутунду алган.

"2-апрель күнү ооруп, Ош облустук төрөт үйүнүн патология бөлүмүнө кабыл алындым. Ал жерде бир жума бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болдум. Дарыгерлер УЗИ аппараты үч эм төрөй тургандыгымды көрсөткөндүгүн айтышты. 9-апрелде түнү толгоом келди. Бирок дарыгерлер "түйүлдүктөрдүн бири туурасынан жатат, ошондуктан операция жолу менен төрөйсүң" дешти. Өзүм төрөй аларыма ишенип жатсам да аргасыздан макулдугумду берип, тиешелүү документке кол койдум", — деди Абдимажитова.

Ал дарыгерлер келини менен чогуу жүргөн кайненесин операция жасалуучу бөлмөгө киргизбей койгонун айтып берди.

Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Башы оюлуп калган ымыркайдын энеси: доктурларга эки дооматым бар!
"Мага алгач ооруну сездирбөөчү укол сайышты. Эки ымыркайды төрөгөндөн кийин мен эсимди жоготуп коюптурмун. Андан аркысын билбейм. Эсиме келсем гинеколог-акушерлер эгиз төрөдүң деп эки кызымды колума карматышты. Эмне кылаарымды билбей, маң болуп кала бердим", — деди ал.

Эгиз кыздар энеси менен 16-апрель күнү ооруканадан чыгарылган.

Бул окуя боюнча аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаевага кайрылганыбызда, ал Гүлзина Абдимажитованын төрөтүн гинеколог-акушер Эра Кариева кабыл алгандыгын билдирди.

"Мен аты аталган келиндин төрөтүнө катышкан эмесмин. Ал 2 кг 520 грамм жана 2 кг 440 грамм салмактагы эгиз кыздарды төрөдү. Эненин да, кыздардын да абалы жакшы. Алар кечээ, 16-апрель күнү, ооруканадан чыгарылган. Гүлзина Абдымажитова ооруканада төрөткө чейин бир жума дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Ал кайненесин төрөткө катыштырбай койгондон күмөнсүп жатат. Эгерде өзү төрөй турган болсо, анда биз анын жакындарынын кимиси болбосун төрөткө катыштырмакпыз. Ал эми операция жолу менен төрөгөндүктөн операция жасалуучу бөлмөгө медицина кызматкерлеринен башка адамдарды киргизүүгө оорукананын талаптары жол бербейт. Ошол себептен биз анын кайненесин төрөткө катыштырган эмеспиз", — деди Кенжебаева.

Ал УЗИ аппараты келиндин үч эм төрөй тургандыгы боюнча беш ирет чыгарган корутундусуна токтолуп, учурда бул нерсе иликтенип жатканын кошумчалады.

Анын пикиринде УЗИ аппараты да адашышы мүмкүн. Мындай окуя Ош облустук төрөт үйүндө катталбаганы менен башка төрөт үйлөрүндө кездешкен учурлар бар.

Вакцинация детей против кори и краснухи в Банда-Ачехе - Sputnik Кыргызстан
Баланы кандай учурда эмдетүүгө болбойт. Дарыгердин түшүндүрмөсү
"Негизи УЗИ аппараты түйүлдүктүн эгиз, үч эм, төрт эм экендигин 12 жумага чейин тагыраак аныктайт. Ал эми Абдымажитова түйүлдүк чоңоюп калган кезинде, башкача айтканда, 18 жумадан кийин түшүптүр. Мындай учурда УЗИ да туура эмес көрсөтүшү мүмкүн. Мына ушундай жагдайлардан улам биздин гинеколог-акушерлердин дарегине сын-пикир айтылып, дооматтар коюлууда. Келин эгиз төрөгөндүгүн далилдеп берүүчү бир топ кызматкерлер бар. Себеби төрөткө эки гинеколог-акушер, үч акушер, эки врач-анестезиолог, бир медайым, бир санитарка, жалпы тогуз адам күбө", — деди башкы дарыгер.

Ал социалдык тармакта операция жасоого даярдык жүрүп жаткан кезде айрым медицина кызматкерлеринин селфи жасап жүргөндүгү боюнча видеого комментарий берип, учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

"Ал кызматкерлерге иликтөөнүн жыйынтыгы менен чара көрүлөт", — деди Кенжебаева.

Ал эми көз жарган келиндин жолдошу 26 жаштагы Ынтымак Базарбай уулу аталган окуя боюнча дарыгерлердин үстүнөн арыз жазып Ош шаардык прокуратурасына кайрылуу үчүн келгендигин билдирди.

"Биздин күмөнүбүз бар. Ошол себептен арыз жазып кайрылууну чечтик", — деди Базарбай уулу.

Жубайлар 2016-жылы баш кошкон. Экөөнүн эгиздерден башка 2,5 жаштагы дагы бир кызы бар.

Абдимажитованын айтымында, учурда эгиз кыздарга ысым ыйгарыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0