Жол инспекторунан 40 миң сом пара алып жаткан подполковник кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана акча каражаттары. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган ИИМ кызматкери жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан 5000 доллар талап кылган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Жайыл райондук ИИБдин ыкчам иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары ошол эле мекеменин жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки ишин оң жагына чечип берем деп буга чейин 5000 доллар талап кылган.

"Коррупцияга каршы кызматы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте бөлүм башчынын орун басарын кызматкеринен 5000 доллардын калган 40 миң сомун алып жаткан жеринен кармаган", — деп жазылат маалыматта.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бизнесменден 830 миң сом пара талап кылган. Финпол шектүүнү кармады
Милициянын Ч.Б. аттуу подполковнигин кармоо иштери Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган материалдарды сотко чейинки териштирүүнүн алкагында ишке ашырылды.

ИИМ кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда коопсуздук комитеттин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0