Кишен. Архивдик сүрөт

Таласта пара алып жаткан полковник кармалды

250
(жаңыланган 16:19 18.04.2019)
Ал жергиликтүү тургундан 25 000 сом талап кылган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Талас шаардык аскер комиссариатынын 50 жаштагы башчысы пара алып жатканда кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кармалган адам арыздануучуну аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу опузасы менен 25 000 сом акча талап кылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Материалдар Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган полковник УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

250
Белгилер:
пара, полковник, Талас облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Инспектордон 40 миң сом алып жаткан подполковникти кармоо учуру. Видео