Сокулук: ата-энелерден 28,5 млн. чогулткан мектепти прокуратура текшере баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ
Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энелер ар бир окуучудан 500-700 сомдон жыйнаган лицейдин жетекчилиги каражаттын сарпталышы боюнча отчет бербей жатканына нааразы болуп жүрүшөт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ата-энелерден бир жылда 28,5 миллион сом чогулткан Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексине мамлекеттен бөлүнгөн каражат боюнча прокуратура текшерүү иштерин баштады. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Китеп басуудагы чуу. Прокуратура министрликтин кемчиликтерин таап, иш козгоду
Аталган лицей Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан. Ал жерде үч нөөмөт менен окуган 4500 бала билим алат. Ата-энелердин фондуна, кошумча сабактар жана ысык тамак үчүн ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултулат. Анын ичинен 1300 окуучу социалдык жеңилдик катары төлөмдөн бошотулган. Ата-энелер бул каражаттын сарпталышы боюнча отчетту лицей жетекчилигинен ала албай келишет. Буга нааразы болгон ата-энелер укук коргоо органдарына кайрылып, лицейдин алдына митингге да чыгышкан.

Sputnik Кырызстан агенттиги бул боюнча материал даярдаган. Мындан кийин Сокулук райондук прокуратурасы айыл өкмөт тарабынан лицейге бөлүнгөн каражаттын сарпталышын текшере баштаганы маалым болду.

"Эки-үч күндөн бери Новопавловка айыл өкмөтү тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексине бөлүнгөн каражаттын пайдаланылышы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы чыкканда толук маалымат берилет", — дешти прокуратурадан.

Ал эми нааразы болгон ата-энелердин бири Чынара Апиева Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) кайрылууну пландап жатышканын билдирди. Ошондой эле ал 24-апрель күнү Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышарын кошумчалады.

Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинин директору Диляра Абдуллаева ата-энелерге дагы, Sputnik агенттигине дагы фонд каражатынын сарпталышы боюнча жалпы сумманы гана көрсөтүп, ийне-жибине чейин ачыктоодон баш тартып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0