Чүй облусунда "Коопсуз шаардын" камерасын аткылап кетишти. Видео

© Sputnik / Дмитрий Знаменский / Медиабанкка өтүүПолиция в Каракасе
Полиция в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талкаланган камера баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылындагы "Коопсуз шаардын" камерасы талкаланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Вега" компаниясынан кабарлашты.

Буга чейин Бишкек менен Чүйдө 15-апрелден тарта дагы 16 камера ишке берилери айтылган болчу.

"Окуя 15-апрелге караган түнү болгон. Эртең менен Бишкек — Торугарт трассасындагы Гидростроитель айылында орнотулган камера талкаланганы аныкталды. Алдын ала маалымат боюнча камераны тапанча менен атышкан", — дешти компаниядан.

"Вегадан" билдиришкендей, аталган факты боюнча Ысык-Ата РИИБине арыз жазылып, баллистикалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен камерага ок чыгарылган-чыгарылбаганы белгилүү болот.

Камераны калыбына келтирүү мүмкүн эместиги айтылды.

Ал эми Чүй облустук ИИББден факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдашты. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, белгисиз адамдар камераны атайылап тапанча менен аткан. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге каттоого алынды. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 210-беренеси менен (бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү, жок кылуу) сотко чейинки тергөө иштери башталды. Ысык-Ата РИИБи күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн комплекстүү иш-чараларды аткарып жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, жергиликтүү тургундар суралып жатат. Чүй ОИИББ ишти өз көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0