Айдоочу кыз унаасы менен Бишкектеги көпүрөдөн кулап кетти. Видео

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рулдагы 24 жаштагы кыз кандай жаракат алганы айтылган жок.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкекте CR-V унаасы көпүрөдөн кулап түштү. Бул тууралуу КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 22-апрель күнү болгон.

"Азыр эле Лев Толстой көчөсү менен Манас проспектиси кесилишкен жердеги көпүрөдөн Honda C-RV унааны кулап түштү. ӨКМдин кызматкери рулда кыз киши болгонун, ал тирүү экенин айтышты", — деп жазды Карыпбеков.

Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык болгонун тастыкташты. Окуя саат 03.30да болгон.

Маалыматка караганда, рулда 24 жаштагы кыз отурганы айтылды. Бирок ал кандай жаракат алганы белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0