Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган Конго мамлекетинин жараны кармалды

Жазылуу
28 жаштагы жаран келген мамлекетине депортацияланган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Москва — Бишкек багыты боюнча учуп келип, аэропорттон жасалма электрондук визанын кагазын көрсөтүп Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган Конго мамлекетинин 28 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, чек ара кызматынын өкүлдөрү электрондук визанын номерлерин атайын системага киргизгенде андай виза жок болуп чыккан.

"Бардык жагдай такталгандан кийин жасалма электрондук виза менен Кыргызстанга мыйзамсыз кирмекчи болгон жаран келген мамлекетине депортацияланды", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, ушундай эле жагдай 2019-жылдын февралында да катталып, Нигериянын эки жараны жасалма электрондук билет менен Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0