Жээнбеков Шри-Ланканын президентине көңүл айтты

© REUTERS / AMIT DAVEСерия взрывов в Шри-Ланке
Серия взрывов в Шри-Ланке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өлкөдө тогузунчу ирет жардыруу болду.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисенага Пасха учурунда бир нече шаарларда жардыруунун натыйжасында көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана жабыркоосуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 21-апрелде 8 ирет, эртеси дагы бир жолу жардыруу болуп, алдын ала маалымат боюнча апааттан 290 киши каза тапкан. Ал эми каргашадан жабыркагандардын саны 500гө чамалады.

"Шри-Ланкада жардыруулардан көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан бул жардыруунун кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, бардык жабыр тарткан адамдардын айыгып кетүүсүн каалайм", — деп белгиленет телеграммада.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жардыруулардан жабыркагандардын арасында КР жарандары жок экенин билдирген. https://sputnik.kg/society/20190422/1044062137/shri-lanka-zhardyruu-kyrgyzstan.html

Жаңылыктар түрмөгү
0