ИИМ академиясынын курсантынан спайстын ири партиясын табышты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБПресечение наркогруппировки в Бишкеке сотрудниками ГКНБ
Пресечение наркогруппировки в Бишкеке сотрудниками ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизатын таратууга шектелип ИИМдин курсанты менен Улуттук университеттин студенти кармалды.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда психотроптук заттарды Борбор Азияга ташып жана сатып иштеген топ кармалып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан таратышты.

20-апрелде "баңгизаттарын таратып жүргөн" деп шектелип ИИМ академиясынын 19 жаштагы курсанты менен Улуттук университеттин 2-курсунун 20 жаштагы студенти кармалды.

"Аларды текшере келгенде курсанттын жанынан психотроптук заттардын бири — спайс табылган. Көлөмү 1 килограмм 75 грамм болуп чыкты. Спайсты кичи көлөмдө жаштар арасында сатуу пландалганы анык болду. Аталган көлөмдү эгерде көмүскө базарга алып чыкканда суммасы 3 миллион сомго жетет", — деп айтылат маалыматта.

Фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук өндүрүшкө жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0