Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогулткан мектептин директору иштен четтетилди

© Фото / Чынара АпиеваКомплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова
Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4500 бала окуган лицейдин жетекчилиги ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуп, бирок акчанын кайда жумшалганын айтпайт деп ата-энелер нааразы болуп келишет.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Новопавловка айылынын Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинин директору Диляра Абдуллаева кызматтан убактылуу четтетилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Качкынбек Эмилбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган лицейге мамлекеттен бөлүнгөн каражат текшерилип жаткандыктан директорду убактылуу четтетип турушкан.

"Ачык-айкындуулук болсун деп текшерүү иштери бүткөнчө директорду кызматтан четтетип турдук. Анын милдетин биринчи орун басары Елена Пичурович аркалап турат. Мындай чечим кечээ, 22-апрелде, кабыл алынды. Ата-энелер камкордук кеңешке чогултулган акчанын пайдаланылышы боюнча нааразычылыгын билдирип прокуратурага кайрылыптыр. Негизи буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин аудити келип текшерген. Анда каражатты колдонууда мыйзам бузуу болгон эмес деп тапкан. Ага канааттанбаган ата-энелер кайра арыз жазышкан", — деди Эмилбеков.

Аталган лицейдин айланасындагы чуу боюнча мурдараак Sputnik Кырызстан агенттиги материал даярдаган. Директору Диляра Абдуллаева ата-энелерден чогулган каражаттын сарпталышы боюнча жалпы сумманы гана көрсөтүп, ийне-жибине чейин ачыктоодон баш тартып койгон.

Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек - Sputnik Кыргызстан
Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек
Нааразы болгон ата-энелердин бири Чынара Апиева бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) менен Акыйкатчыга да кайрылышканын билдирди. Ошондой эле ал 24-апрель күнү Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышарын кошумчалады.

Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинде 4500 бала үч смен менен билим алат. Ата-энелердин фондусуна, кошумча сабактар жана ысык тамак үчүн ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултулат. Анын ичинен 1300 окуучу социалдык жеңилдик катары төлөмдөн бошотулган. Ата-энелер бул каражаттын сарпталышы боюнча так маалыматты лицей жетекчилигинен ала албай келишет. Буга нааразы болгон ата-энелер укук коргоо органдарына кайрылып, лицейдин алдына митингге да чыгып, отчетту кенен-чонон көрсөтүүнү талап кылууда.

Аталган лицейге Новопавловка айыл өкмөтү 2018-жылы 4,3 миллион сом бөлгөн. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жылына канча акча бөлүнөрү белгисиз. Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин жөнөткөн сурамына министрлик жооп бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0