ИИМ кызматкери. Архив

УКМК: Бишкектин чок ортосунан күмөндүү баштык табылып, аймак курчоого алынды

1019
(жаңыланган 11:54 24.04.2019)
Учурда аймак курчоого алынды.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунан күмөндүү баштык табылганы боюнча кабар түшкөнүн УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө саат 11:05те бирөө чалып, Тыныстанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен шек санаткан баштык табылганын айткан.

Учурда аймак курчоого алынды.

1019
Белгилер:
УКМК, баштык, Бишкек
Тема боюнча
Шри-Ланкадагы жардыруулардын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" мойнуна алды
Нарын облусу. Архив

Нарындын айылдарында жана Кытай менен чектешкен аймакта жер титиреди

18
(жаңыланган 10:56 14.05.2021)
Алдын ала берилген маалыматтарда жердин термелешинен айылдарда жабыркагандар жана кыйроолор катталген эмес.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кечээ, 13-майда, Кыргызстан менен Кытай чектешкен жерде күчү очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, Нарын облусунун бир нече айылында сезилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жер титирөө саат 14:37де Нарын облусунун Ат-Башы районунда 4 балл, Торугарт айылында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалыматтарга таянып, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

18
Белгилер:
жер титирөө, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титирөө болобу? Адистин жообу
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

164
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

164
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр
Жайлоо. Архив

Прокуратура: Ысык-Көлдөгү менчиктелип кеткен жайыт мамлекетке кайтарылды

0
(жаңыланган 12:13 14.05.2021)
2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер райондук соттун чечими менен менчикке өтүп кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ысык-Көл облустук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен 3,48 гектар жерди аныктап чыгып, аны кайра мамлекетке кайтарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер К.А. аттуу жарандын менчигине мыйзамсыз берилип кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө бул фактылар ачыкка чыкты", — деп айтылат маалыматта.

3,48 гектар жайытты мамлекетке кайтарып бериш үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасы доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырган. Анын натайжасында кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

0
Белгилер:
менчиктештирүү, чечим, жер, сот, прокуратура, Ысык-Көл району, Кыргызстан
Тема боюнча
Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды