Октябрь райсотунун судьясынын мыйзамсыз аракеттери ачыкталды

Жазылуу
Башкы прокуратура шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Октябрь райондук сотунун А.А. аттуу судьясына карата сотко чейинки тергөө башталганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымат кызматтын айтымында, судья 2018-жылдын аралыгында административдик иштерди кароодо бир катар мыйзамсыз иштерге барган деп айыпталууда. Сот караган иштин беренесинде мас абалында унаа айдаган жаранды административдик жоопкерчиликке тартуу белгиленген.

Судьянын ишине байланыштуу чогултулган материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, ишти тергөө УКМКга жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0