Кызы бычактап... Ошто бир жумада адам өлтүрүүгө шектелип үч аял кармалды

Жазылуу
Адам өлтүрүүгө шектелген аялдардын экөө соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

ОШ, 24-апр. — Sputnik. Ош шаарында акыркы беш күн аралыгында үч өзгөчө оор кылмыш катталды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ага ылайык, 2019-жылдын 17-апрелинде күйөөсү менен чырдаша кеткен аял аны көкүрөккө бурагыч (отвертка — ред.) менен сайып салган. Жабыркаган киши дарыгерлердин аракети менен аман калган. Тергөөнүн жүрүшүндө эркек аялын үйүндө иштеп жаткан устадан кызганып, жубайлардын ортосунда чыр чыкканы аныкталды.

Такси унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада баткендик таксистти бычактап, унаасын сатып жиберишкен. Шектүү кармалды
Экинчи окуя 19-апрель күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында болгон. 68 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары анын 45 жаштагы кызы кармалды. Адам өмүрүн алган кылмыштын себеби үй-бүлөдөгү акча каражатына байланыштуу чыккан. Шектүү аял шаардык соттун чечими менен тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Үчүнчү окуя калаадагы Учар айылында болгон. Конуштун жака-белинде жайгашкан дачалардын биринен 22-апрель күнү Мамат аттуу адамдын сөөгү табылган. Маркумду бычак менен сайып өлтүрүүгө шектүү катары ошол дачанын ээси, 48 жаштагы аял криминалдык милиция тарабынан кармалды. Шектүү өз көрсөтмөсүндө маркум "зордуктоого аракет жасаганын" билдирген. Аял соттун чечими менен тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Бул үч кылмыш тең Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0