Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм коюп кеткен эки аял каза болду

Жазылуу
Көз жумган аялдардын бири 50, экинчиси 35 жаштын тегерегинде экендиги айтылды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Борбор калаада автоунаа сүзүп кеткен эки аял каза болуп калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга шаардык милиция билдирди.

Смертельный наезд в селе Ленинском - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө пенсионерди коюп кеткен айдоочу 9 күндөн кийин кармалды
Маалыматта айдоочунун 16 жашта экени, автокырсык 24-апрелде Месарош көчөсүндө түш ченде болгондугу айтылды.

Honda Fit аталган көчө менен кетип бара жатып, эки аялды сүзүп, андан соң аласалып кеткен. Алардын улуураагы ошол жерден жан берсе, экинчиси ооруканада көз жумган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, автокөлүк унаа токтотуучу атайын жайга жеткирилген. Ал эми айдоочу ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0