Мекенинде теракт жасоо үчүн Сириядан келген кыргызстандык кармалды

Жазылуу
Террордук уюмдун мүчөсү мындан үч күн мурда колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. УКМК чет элдик шериктештер менен биргеликте эл аралык террордук уюмга мүчө болгон кыргызстандык жаранды кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГКНБЗадержанный по подозрению в подготовке террористического подполья и вооруженного джихада в Кыргызстане
Мекенинде теракт жасоо үчүн Сириядан келген кыргызстандык кармалды - Sputnik Кыргызстан
Задержанный по подозрению в подготовке террористического подполья и вооруженного джихада в Кыргызстане

Террордук уюмдун мүчөсү мындан үч күн мурда колго түшүрүлгөн.

Таратылган маалыматта анын 2014-жылы Сирияга барып "куралчан жихадга" кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкандыгы айтылат.

"Кийин террордук уюмдун лагерлеринде жалданган рекруттардын машыктыруучусу болгон. Эми ал өзүнүн жетекчилеринин тапшырмасы менен "куралчан жихад" жана жашыруун террордук уюм түзүү тапшырмасын ишке ашыруу максатында Кыргызстанга келген", — деп билдирди УКМК.

Шектүүнү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды
Комитет кармалган адам жасаган кылмыш иштерин мойнуна алгандыгын жана тергөө абагына киргизилгендигин кабарлады.

Бул факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 243-беренеси ("КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү") боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0