Кытайдан алынып келген жаңы автобус кырсыктады. Видео

© Sputnik / Расул УсеналиевКытайдан алынып келген жаңы автобустардын бири кырсыкка кабылды
Кытайдан алынып келген жаңы автобустардын бири кырсыкка кабылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы 60 автобус бүгүн каттамга чыккан болчу.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кытайдан алынып келген жаңы автобустардын бири кырсыкка кабылды.

Өтө чоң эмес жол кырсыгы Чүй проспектиси менен Эркиндик көчөсүнүн кесилишинде болду. Автобус Чүй проспектиси менен батышты көздөй кетип баратып, Эркиндиктен солго бурулуп жатканда Toyota Wish автоунаасы менен жөөлөшүп кеткен.

Новые автобусы в Бишкеке, работающие на газе - Sputnik Кыргызстан
Элди эмнеге Кытай автобустары ташышы керек. Мэриянын түшүндүрмөсү
Бишкек шаарынын күнүнө карата Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Панфиловго чейинки бөлүгү убактылуу жабылган.

Кытайдын Yutong компаниясынын автобустары 24-апрелде Бишкекке алынып келип, ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы катышкан.

Жаңы автобустар № 36, 48, 7, 38 жана 42 каттамы боюнча 29-апрелден тарта ишке чыккан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0