Ууруга кирген бала дүкөндүн терезесине кыпчылып калды. Сокулуктагы окуянын сүрөтү

© AFP / FRED DUFOURКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экөө кармалса, алардын бири ууру кылууга ниеттенгенин милициядан айтып беришти.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Сокулук районунун милициясы Новопавловка айылында ууру кылганга аракеттенгендерди кармады. Кызыгы, алардын бири терезеге кыпчылып калган. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиСокулук районунун милициясы Новопавловка айылында ууру кылганга аракеттенгендерди кармады
Ууруга кирген бала дүкөндүн терезесине кыпчылып калды. Сокулуктагы окуянын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сокулук районунун милициясы Новопавловка айылында ууру кылганга аракеттенгендерди кармады

Өспүрүм дүкөнгө кирерин кирип, бирок кайра чыгып жатканда өзүнүн көлөмүн так эсептей албай калгандыктан, терезеге кептелип калган. Муну милиционер байкабай койгон эмес.

Баланын аракети Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин ("Кылмышка аракеттенүү" жана "Уурдоо") 39-200 беренеси менен катталган.

Бул окуя боюнча 16 жана 15 жаштагы эки өспүрүм шектелип кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0