Эки кытай жаранын мыкаачылык менен өлтүргөн кыргызстандык Петербургдан кармалды

© AFP / NOEL CELISЗадержание подозреваемых в Кыргызстане
Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн кишинин үч шериги буга чейин соттолгон. Ал эми төртүнчүсү 12 жылдан бери изделип жаткан.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында 2007-жылы эки кишини өлтүргөн делип 12 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматта Ош облусундагы Кара-Суу районунун 37 жаштагы тургуну шериктери менен Кытайдын эки жаранынын 28 миң долларын тартып алгандан кийин мыкаачылык менен өлтүрүп салышканы айтылат.

ИИМ 2007-жылы болгон окуя коомчулукта чоң резонанс жаратканын белгиледи. Анда Кара-Суунун Савай айыл өкмөтүндө кыйналып өлгөн 40-45 жаштардагы аялдын сөөгү табылган. Кийин анын 1964-жылы төрөлгөн Ванг Бо аттуу Кытайдын жараны экени анык болгон. Чет элдик аял ушул райондо жашап, ишкерлик менен алектенип келген.

Такси унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада баткендик таксистти бычактап, унаасын сатып жиберишкен. Шектүү кармалды
Иликтөөнүн жүрүшүндө 2007-жылдын 1-июлунда Кара-Суу районундагы жолдо кылмышкерлер чет элдиктер бараткан унааны кысып токтотушканы аныкталган. Машинанын ичинде отурган Ванг Бону айдоочусу Вату Байер менен эл жок жерге алып барып, катуу сабап, акча талап кылышкан да, 28 миң долларын алып кетишкен.

Айдоочуну атып салышса, аял ур-токмоктон каза болгон. Экөөнүн сөөгүн Савай суусуна ыргытып жиберишкен.

Тергөө жүрүп жатканда кылмышка шектелип 46 жаштагы Акыл Орозбеков, Өзбекстанда туулган 44 жаштагы Бактыбек Юсаев кармалган. 2014-жылы 44 жаштагы Эркин Сыдыков колго түшүрүлгөн. Баары тең адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп эркинен ажыратылган.

Ал эми топтун төртүнчү мүчөсү, ага чейин бир нече ирет соттолгон А.Ш. издөөгө алынып, Санкт-Петербургда жашырынып жүргөнү ачыкталган. Ыкчам маалыматка ылайык, кылмышкер коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеп жүргөн.

ИИМдин билдиргенине караганда, А.Ш. жасалма паспорт менен жүргөн. Мындан улам аны 12 жылдан бери колго түшүрүүгө мүмкүн болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0