Сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартты

© Sputnik / Расул УсеналиевСуд над политиком Садыром Жапаровым
Суд над политиком Садыром Жапаровым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутаттын жактоочусу мөөнөттү 7,5 жылга чейин кыскартууну өтүнгөн.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку соттун соттук коллегиясы экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаттарынын арызы боюнча кылмыш ишин кайра карап чыкты.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын өтөп жатат.

Арестованный политик Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор: Садыр Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар жок
Жапаровдун адвокаттары анын жаза мөөнөтүн кыскартуу өтүнүчү менен кайрылып, отурум 30-апрелге дайындалган.

Экс-депутаттын жактоочулары быйыл 1-январда күчүнө кирген Гуманизация жөнүндөгү мыйзамга таянуу менен мөөнөттү 7,5 жылга кыскартууну сураган. Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу жаза мөөнөтүн кыскартууга болорун, бирок аны 10 жыл деп белгилөө туура экенин айткан.

Соттук коллегия кеңешкенден кийин айыптоочунун сунушун канааттандырып, алгач өкүм кылынган 11 жыл алты айдын ордуна 10 жыл деп белгилеген чечим чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0