Жол кырсыктан соң из жашырып кеткен айдоочу Бишкектен табылды

CC BY-SA 2.0 / Mark Ou / _1080425Уголовное ответственность на нарушение ПДД
Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал кишини автокырсыктан соң бир жумадай издешкен.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Борбор калаада 25-апрелден бери изделип жаткан автоунаанын айдоочусу кармалды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Өткөн аптада Түштүк магистраль менен келе жаткан автоунаа кырсыктап трассадан чыгып кетип, андан эки кыз жабыркап, айдоочу из жашырган.

Кыздар жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Качып кеткен айдоочу Бишкектин 20 жаштагы тургуну болуп чыкты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0