Бишкекте Тез жардам менен жеңил унаа кандайча кагышып кеткенин милиция айтып берди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициядан жол кырсыктын кесепети үч автоунаага тийгендигин айтышты.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Борбор калаада Тез жардам күйүп-жанган жарык менен кетип бара жаткан учурда жол кырсыкка учураган. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Буга чейин бүгүн, 2-майда, эртең менен Абдрахманов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Тез жардам менен жеңил автокөлүк кагышканы туурасында маалымат тараган. Анда жабыркагандар ооруканага жеткирилгени айтылган.

Жалал-Абад: бус менен май куйган унаа талкаланып кеткен. Кырсыктан кийинки видео - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: бус менен май куйган унаа талкаланып кеткен. Кырсыктан кийинки видео
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан Тез жардам Абдрахманов көчөсүндө түндүктү көздөй кетип бара жатып, сол жактан келе жаткан Mercedes-Benz менен кагышкандыгын айтышты. Күүлөнгөн жеңил автоунаа андан кийин маңдай жакта келе жаткан Subaru Forester автокөлүгүн кошо сүзүп кеткен.

Жеңил унаалардын айдоочулары жабыркаган эмес, ал эми машиналар атайын короого токтотулган. Милициядан тиешелүү экспертиза дайындалгандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0