Чүйдө айдоочу "Коопсуз шаардын" камерасы турган түркүктү сүзүп кетти

© Sputnik / Нурис АлымбаевУстановка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке
Установка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу өзүн жаман сезип, рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Чүй облусундагы Киргшёлк айылында машина "Коопсуз шаардын" камерасы орнотулган түркүктү сүзүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, сүрөтүн WhatsApp каналына жиберген. 

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЧүй облусундагы Киргшелк айылында машина "Коопсуз шаардын" камерасы орнотулган түркүктү сүзүп кетти
Чүйдө айдоочу Коопсуз шаардын камерасы турган түркүктү сүзүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусундагы Киргшелк айылында машина "Коопсуз шаардын" камерасы орнотулган түркүктү сүзүп кетти

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуя жума, 3-май күнү, саат 15:00дөр чамасында болгонун маалымдады.

"Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү унаанын 61 жаштагы айдоочусу жолдон чыгып кетип, "Коопсуз шаардын" камерасы турган түркүктү сүзгөн", — дешти милициядан.

Жерине автоинспекторлор менен медиктер келген. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу өзүн жаман сезип, рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Ал ооруканага жеткирилди.

Факты бирдиктүү реестрге каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0