Бишкекте Honda Fit жөө кишини коюп кетти

Жазылуу
Кырсык 3-май күнү кечинде Сухэ-Батор көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкекте Honda Fit унаасынын айдоочусу жөө бараткан кишини коюп кеткенин шаардын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 3-май күнү болжол менен саат 21.30дарда Сухэ-Батор көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жабыркаган эркек киши ооруканага жеткирилгени айтылды.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Унаа айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0