"Манас" аэропортунда россиялык жаран өз жанын кыюуга аракет кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВозобновление работы в аэропорту "Манас"
Возобновление работы в аэропорту Манас  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек киши ушу тапта милицияда.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. "Манас" аэропортунда Россиянын жараны өз жанын кыюуга аракет жасаганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Окуя 3-май күнү болгон. Чек ара кызматы авиакомпаниялардын биринин кызматкери Бишкектен Стамбулга учмакчы болгон кишини жөнсүз жосуну үчүн учакка түшүрбөй койгонун, андан кийин ал адам өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганын белгиледи.

"Көзөмөл пунктунда россиялык жаран суицидге жол бербөөгө аракет кылган чек арачыларга асылып кол көтөргөн", — деп айтылат маалыматта.

Эркек киши ушу тапта транспорт милициясында.

Жаңылыктар түрмөгү
0