Күйүп жаткан адам. Архив

Досун тирүүлөй өрттөп, сууга ыргытып жиберген. Апрелдеги соттук чечимдер

2203
(жаңыланган 09:43 17.05.2019)
Фемида өкүлдөрү үчүн өткөн ай оор болду. Соттор адам өмүрүн алган окуяларды карап чыгып, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Ал иштердин арасында чоң энесин сабаган неберенин, аялын мыкаачылык менен өлтүргөн күйөөнүн жана көчөдө бычакташкан жаштардын былыктары бар.

Окшошкон мыкаачылар. Жаратылыш койнунда арак ичип отурган төрт дос катуу майрамдап, Андрей таанышы Викторго "аялың сойку, ар ким менен жата берет"деп айтып, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Андан соң Андрей Викторго май чачып өрт коюп жиберген. Денеси күйгөн жабырлануучу аны эптеп өчүргөн, бирок шериги кайра бензин чачып ширенке чагып, калган бөтөлкөлөштөрү менен бычактап, окуя болгон жерден кетип калышкан. Эртеси үчөө баягы жерге кайра келип, Виктордун тирүү экенин көрүшкөн. Кылмышкерлер аны унаанын багажнигине салып барып сууга ыргытып жиберишкен. Кийин алардын бири маркум түшүнө кирип жаткандыгын айтып, милицияга келген. Көрсө, мыкаачы достор буга чейин дагы ушундай жол менен башка кишинин да өмүрүн кыюуга аракет кылган экен. Сот Андрейди 20, эки шеригин 13 жана 15 жылдан эркинен ажыратты.

Аман калган кемпир. Тамак жасабай койгону үчүн карылыгы жеткен чоң энесин чачтан сүйрөп сабаган 44 жаштагы небере сөрөй 140 миң сом төлөмөр болуп, 7,5 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт. Эптеп басып жүргөн кемпирдин таяктан жамбашы сынып кеткен.

Каргашалуу мушташ. Үйдө маңдай-тескей отурган кайната менен келин уруша кетип, мас болгон эркек аны бөтөлкө менен башка чаап жиберген. Канжалаган аял ызаланып, кайнатасын бир нече жолу бычак менен урган. Бул маалда келиндин жолдошу кичинекей балдары менен көчөдө жүргөнү айтылат. Алган жаракатынан улам кайната көз жумган. Эми келин 7,5 жыл түрмөдө болот.

Канга боёлгон үй. Кылмыш болгон күнү кожойке курбусу менен үйдө арак ичип отурган. Бир маалда эки аял уруша кетет. Үйгө келип калган бүлө ээси мас болгон конокту кетирип, келинчеги менен калган. Жубайлар ортосунда чыр уланып, ачууга алдырган эркек бөлмө канга боёлуп калганга чейин жубайын сабаган. Каргаша болгондон бир нече саат өтпөй үйгө жубайлардын кызы келип, бөлмөдө ыйлап отурган атасын көрөт. Адистер кылмышты соттолуучу өзүн башкара албай калгандыктан жасагандыгын айтышкан. Сот аны эки жылга жатак абагына кести.

© Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосу
Көчөдө бычакталган балдар. Каргашалуу окуя борбор калаадагы кичирайондордун биринде болгон. Компьютердик клубда интернет оюндун кызыгына баткан жаштар алгач ошол жерде уруша кетип, андан соң көчөгө чыгып мушташкан. Анда мас болгон 20, 21 жана 23 жаштагы үч жигит өздөрү менен тең чамалаш эки баланы катуу сабап, бычактап, андан соң окуя болгон жерден из жашырышкан. Жыйынтыгында жабырлануучулардын бирөөсү ооруканада алган жаракатынан улам көз жумса, экинчиси аман калган. Териштирүү маалында шектүүлөр кылганын жарым-жартылай мойнуна алган. Сот алардын бирин 14 жылга, калган экөөнү шарттуу түрдө үч жылдан эркинен ажыратып, кылмышкерлерди каза болгон жарандын жакындарына 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Уулумду кечирдим, аны камабагыла... 35 жаштагы эргул үйгө мас болуп келип, өз апасына кол көтөрүп, таянып жүргөн таягы менен сабаган. Аял алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Териштирүү маалында соттолуучу келинчеги менен арактын айынан урушуп, энесине кантип кол салганын билбей калгандыгын айткан. "Көчөдөн арак ичип келип, үйдө аялыман аракка акча сурап экөөбүз урушуп жатканда апам келип таягы менен уруп ажыраткан. Ошондо аны өзүнүн таягы менен бир-эки жолу согуп жибергем, мас болгондуктан каякка чапканымды билбей калдым", — деп көрсөтмө берген. Ошондой эле маркум акыркы сөзүндө "уулумду кечирдим, аны камабагыла" деп айтканын кошумчалап, жеңил жаза берүүнү суранган. Бирок соттук-медициналык экспертиза кемпирдин бети-башы, колу көгала болуп, алты кабыргасы сынып кеткендигин аныктаган. Фемида өкүлү соттолуучуну сегиз жыл алты айга темир тор артында калтырды.

Чоң муштум күйөө. Ошто Өрт өчүрүү кызматында иштеген 40 жаштагы жаран келинчегин сабап, күн көрсөтпөй келген. Бир нече жылдан бери чоң муштум жолдошунан таяк жеген келин туугандарыныкына жана төркүнүнө качып барып аман калып турган. Эки кичинекей кызы бар аял күйөөсүнүн мындай мамилесине чыдабай өмүрүнө кол салып, төрт күндөн кийин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Сотто маркумдун жолдошу "аялым үйгө отургусу келбей шаарда жашайлы, Россияга иштеп кетели, ата-энең менен жашагым келбей жатат деп кыйначу" деп айткан. Мындан сырткары, экөө урушканын, бирок келинчегине кол көтөрбөгөндүгүн билдирген. Сот шектүүнү эркиндикте калтырды.

100 сомго бааланган өмүр. Маркум Чүйдөгү шаарлардын биринде 100 сомго такси айдатып барып, көздөгөн жерине жеткенде бычак колдонуп айдоочуга кол салган. Бирок анын арам ою ишке ашпай, өз бычагынын курмандыгына айланган. Анда жаш жигиттер алышып жабырлануучу болуп кала жаздаган таксист жүргүнчүнү бычак менен бир нече жолу сайып өлтүргөн. Соттук-химиялык экспертиза бычакталган жарандын канында баңгизат бар экендигин аныктаган. Фемида өкүлдөрү шектүүнү үч жылга жатак абагына кести.

Зөөкүр күйөө. 45 жаштагы соттолуучу мас абалында бир нече ай мурун үйлөнгөн жаш аялын үйдө сабап өлтүргөн. Анын сөөгүн эки күндөн кийин кайненеси таап алган. Тергөө маалында шектүү жасаганын мойнуна алып, эми ал зөөкүр 15 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрмөй болду.

2203
Белгилер:
кылмыш, өкүм, соттук чечим, Кыргызстан
Тема боюнча
Үчөөлөп эки уланды бычактап, көчөгө таштап кетишкен. Соттук өкүм
Машинага сүйрөлгөн бала. Сот шектүүнү үйүнө жиберди
Бишкек шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевдин архивдик сүрөтү

Түлеевдин кызматка келишинин айынан эки тарап чатакташа кетти. Видео

148
(жаңыланган 14:33 21.10.2020)
Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула башташкан. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын имаратында Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор менен анын тарапташтары чатакташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула баштаган. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Мэриянын алдына Түлеевге каршы чыккандар гана эмес, тарапташтары дагы келген. Алар нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

"Сүйлөшүүлөр" мэрияда өтүп, ага шаар башчысынын милдетин аткаруучу Нариман Түлеев өзү катышты. Ар кандай пикирлерден улам эки тарап чатакташа кетти.

 

148
Белгилер:
Нариман Түлеев, чатак, кызмат, мэр, Бишкек
Тема боюнча
Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт
COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

86
(жаңыланган 13:08 21.10.2020)
Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Ал бул кызматты 8 жыл жетектеген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.

Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди

Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.

Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасында эмгектенген.

86
Белгилер:
сурак, вице-мэр, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды
Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди
Эл аралык валюталык фондунун имараты. Архив

МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат

0
(жаңыланган 19:32 21.10.2020)
Эл аралык валюталык фонддун (МВФ) жетекчисинин билдирүүсүнө караганда, ири улуттук каржылык уюму Covid-19 пандемиясынын шылтоосу менен 1944-жылга кайтууга же кеминде эле 1944-жылды кайталагысы бар.

Эпидемиянын экономикалык жана гуманитардык кесепеттерин жеңүүгө дүйнөгө көмөкчү болуу туурасындагы МВФ жетекчисинин бул бийик сөздөрүнүн төркүнү башка чоң нерседе көрүнөт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бедели өтө төмөн каржылык структуранын гуманисттик ойлоруна бул вашингтондук уюмдун кезектеги карыздары "экономиканы көтөрүү үчүн МВФтин талаптарын" аткаруу үчүн социалдык программаларын кыскартып, мамлекеттик ишканаларын арзыбаган баага сатканын эч качан көрбөгөн киши гана ынанышы мүмкүн. Аталган финансылык уюм тууралуу Иван Данилов сереп салган. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн башкы кредитору (маңызында "планетанын башкы Шейлогу") дагы да баягы эле "глобализм" версиясын жайылтууга багытталат. Аны кандай жагдайда болбосун адилеттүү деп атоого болбойт.

Эгер Covid-19 эпидемиясынын башында батыш маалымат каражаттары жана серепчилери глобализм версиясындагы жашоо үчүн тынчсызданып, деглобализациядан чочулашса, азыр "негизги Шейлок" өзүнө дагы бир Бреттон-Вуд конференциясы керектигин айтып, башкача айтканда, 1944-жылы фонддун түзүлүшүнөн берки схема эпидемиянын курмандыгы болгонун, кызуусунда жаңы, жакшыртылган версиясын тезинен дүйнөгө жайылтууну көздөөдө.

Эл аралык валюталык фонддун бөлүштүрүүчү-директору Кристалина Георгиева Андорра фондунун киришине арналган расмий билдирүүсүндө тарыхый учур келгенин белгиледи.

"Биз 190-мүчөбүз катары Андорраны күтүп турганыбызда МВФтин иши адамзаттын бир туугандыкка негизделген кызматташтык жана шериктештигинин баалуулуктарынын күбөсү болуп саналат.

Бүгүн биздин алдыбызда жаңы бреттон-вуд "учуру" турат. Миллиондон ашуун өмүрдү алып кеткен пандемия. Дүйнөлүк экономиканы 4,4% га кыскартып, келерки жылы өндүрүштү 11 триллион долларга кыскартууга алып келе турган экономикалык катастрофа. Адамзат он жылдардан берки ири кыйроо жана улам тереңдеп бара жаткан жакырчылык менен бет келди. Кайрадан биз эки ири милдетти аткарууга: каатчылык менен бүгүн күрөшүп, мыкты келечекти түзүүгө тийишпиз" – деди ал өз сөзүндө.

Американын вакцинага акчасы жеткен жок

1944-жылдагы конференциядан анык эмес бир эпизодду эске салып коюу дурус. Ал конференцияда ар кандай өлкөлөрдүн 44 өкүлү Эл аралык валюталык фонддун уставына кол койгон. Конференцияга чакырылган советтик дипломаттар глобалдык фонд-кредитордун сунушталган иш эрежелери менен таанышкан соң кетип калышкан. Уюштуруучуларга да алар жаңы структура "Уолл-стриттин эле филиалы" болот деп айтышкан. Алардын айтканындай эле болду. "Бреттон-Вудс 2.0" деле ошол эле принциптер менен иш алпарат дегенге негиз бар. Мисалы, МВФтин директор-бөлүштүрүүчүсү эпидемия жүрүп жаткан убакта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр алган карыздардын тунуктугу үчүн түйшөлөт. МВФ бүгүн эмнени сунуштап турат: "Биз карыздардын ачыктыгына умтулуп, кредиторлордун координациясын күчөтүүгө умтулуубуз зарыл. "Чоң жыйырманын (G20)" "Суверендүү карызды жөнгө салуунун жалпы негиздери" жаатындагы дискуссиясы, ошондой эле суверендүү карызды, анын ичинде жеке тармакты да катыштыруу менен жөнгө салуунун түзүлүшүн жакшыртууга чакырыгыбыз бизди шыктандырат. Биз мүчө өлкөлөрүбүз менен биргеликте алардын саясатын колдойбуз".

Сыртынан жакшы эле, бирок, америкалыктардын "эрежелерге негизделген дүйнөлүк түзүлүштү сактоо" дегени "Россия Крымды кайтарууга тийиш", ал эми "карыздын ачыктыгы" дегени бул Кытайга тиешелүү.

Февралда эле японилык экономикалык Quartz басылмасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кытай таасири менен МВФ жана Дүйнөлүк банктын күрөшү туурасында жазган.

"Ири кредитор болуп саналбаса да, африкалык өлкөлөрдө капиталдын таасирдүү булагына айланган Кытайдын таасирине МВФ жана Дүйнөлүк банк тынчсызданат. Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасстын айтымында, көйгөй ачыктыктын жоктугунда. "Жаңы кредиторлордун айрымдары Париж клубуна кирбейт, менимче, бул туурасында айтканыбызда адамдар муну Кытай деп түшүнүүгө тийиш", – деген эле Малпасс. "Алар (кытайлык структуралар – авт. тактоосу) насыялоонун көлөмүн кеңейтишти. Бул кайсы бир мааниде жакшы. Бирок алар түзгөн контрактта жарыялабоо туурасында пункт камтылат. Бул Дүйнөлүк банк же жеке секторго келишимдин шарттары кандай экенин көрүүгө тыюу салат". Карызды кечүү маселелери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кытайдын өзү менен эмес, МВФ жана Батыш өлкөлөрүнүн катышуусунда көп тараптуу форматтын алкагында чечилген.

Жаңы дүйнөлүк каржылык бир туугандыкты куруу аракети Пекин абдан жолтоо болуп жаткан колониалдык эмес схеманы кандай жол менен болсо да коргоп калуу далалатындай туюлат.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

МВФ жаркын келечек түзүүгө ниеттенген дагы бир принцип росссиялык экономикалык коопсуздук жана бюджетине түз коркунуч туудурат. "Пандемия көрсөткөндөй, биз эми саламаттыкты сактоо тармагындагы алдын ала көрүлчү чараларды, климаттын өзгөрүшүн көз жаздымда калтыра албайбыз. Климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз, анткени, ал макродеңгээлде чечүүчү мааниге ээ жана өсүү жана өнүгүүгө олуттуу коркунуч жаратат. Бул адамдар жана планета үчүн да абдан кооптуу. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй жашыл инвестициялар менен көмүртектин жогорку баасынын туура айкалышында 2050-жылдары экологиялык, миллиондогон жумуш орду түзүлгөн дүйнө курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Төмөн пайыздык чен менен салынган туура инвестициялар эртеңки күнү төрт эсе дивиденд алып келиши мүмкүн. Болочоктогу чыгымдарды жоюп, экономикалык кирешени өбөлгөлөп, өмүрлөрдү сактап жана жалпыга социалдык жана экологиялык пайда алып келиши ыктымал.

Иш жүзүндө бул Батыш өлкөлөрү технологиялык прогресстин жыйынтыктыктары менен 150 жыл жыргап, ал эми калган дүйнө "климатты өзгөртүү" деген ураан алдында түбөлүк жакырчылыкка тушугушу мүмкүн. Анткени, бул маңызында арзан электр кубатын, жеткиликтүү баадагы бензин, кышкысын жетиштүү баада жылуулук жана жөнөкөй эле үзгүлтүксүз электр кубаты менен жабдууга тыюуну туюндурат.

Жашыл энергетика түзгөн жумуш орундары — бул эл аралык чиновник, экологиялык активисттер жана жашыл энергетикадагы европалык жана америкалык компаниялардын акционерлери. Булар мамлекет жана керектөөчүлөрдүн эсебинен өз өндүрүмдөрүн жогорулатылган баада таңуулап сата алышат.

МВФтин жетекчиси айткан "көмүртектин жогору баасы" Евробиримдик улам Россияга каршы киргизери менен опузалап келген "көмүртек тарифинин" эле кабары.

Россияга каршы көмүртек тарифтери киргизилсе, РФтин экспортчулары (социалдык программалары менен бирге россиялык бюджет да) жылына ондогон миллиард долларды жоготот, бирок Грета Тунбергдин күйөрмандары жана жашыл экономиканын тарапташтары бакытка бөлөнүшөт.

МВФ сүрөттөп жаткан жаркын келечек — эзоп тили менен жазылган антиутопия,

экология — бул жакырчылык, транспаренттүүлүк (тунуктук) — бул Вашингтон менен МВФке баш ийүү.

"Бреттон-Вудс 2.0" үчүн эмес, тескерисинче, 1944-жылы АКШда түптөлгөн ушул глобалдык желмогузду түп-тамырынан жоготуу үчүн биз чындап тарыхый учурдун алдында турабыз.

0
Белгилер:
уюм, финансы, Россия, АКШ, Эл аралык валюта фондусу
Тема боюнча
Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"