Бишкектин чок ортосунда киши 8-кабаттан кулап кетти

© AFP / NATALIA KOLESNIKOVAТурак үйдүн жанында турган тез жардам кызматы. Архив
Турак үйдүн жанында турган тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулаган киши мүрт кеткен. Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Борбор калаанын Исанов көчөсүнүн Лев Толстойго жакын жеринде киши 8-кабаттан кулап, мүрт кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИББ менен Тез жардам кызматынан билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат Биринчи Май ички иштер бөлүмүнө бүгүн саат 11:15те түшкөн.

"Жерине тергөө тобу чыгып, жерде жаткан кишини көрүшкөн. Окуянын чоо-жайы такталып жатат", — дешти ШИИББден.

Тез жардам кызматынан билдиргендей, кулаган киши мүрт кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0