Москва: асманда өрт чалган учактан каза тапкандардын саны өстү

© REUTERS / TATYANA MAKEYEVAМашины скорой помощи стоят перед зданием терминала после того, как пассажирский самолет совершил аварийную посадку в аэропорту Шереметьево под Москвой, Россия, 5 мая 2019
Машины скорой помощи стоят перед зданием терминала после того, как пассажирский самолет совершил аварийную посадку в аэропорту Шереметьево под Москвой, Россия, 5 мая 2019 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза тапкандардын арасында балдар бар экени айтылды.

БИШКЕК, 6-май. – Sputnik. Россиянын Тергөө комитети авариялык абалда конгон учактын 13 жүргүнчүсү каза тапканын маалымдап, алардын экөө балдар экенин билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

5-майда Москва – Мурманск каттамы менен багыт алган Sukhoi Supjet 100 учагынын бортунан өрт чыгып, самолет Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болду.

Аталган үлгүдөгү учак “Аэрофлот” компаниясына тийиштүү.

Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалындаган өрт, уюлгуган кара түтүн. Учактын Шереметьевого конгон видеосу
Интернет айдыңына өрттөнгөн боюнча жерге конгон учактын видеолору тарады. 

Алгач өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан деген божомол айтылса, кийин синоптиктер учакка чагылган тийген деген версияны жарыялашты.

РИА Новости жазганына караганда, бортто 73 жүргүнчү, жана беш экипаж мүчөсү болгон.

Аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш жаза кодексинин 263-беренеси ("Коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ал эми өлкөнүн премьер-министри Дмитрий Медведев кырсыкты иликтеген өзүнчө мамлекеттик комиссия түзүүнү жана жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү буйрук этти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0