Сокулукта кайненесин бычактаган киши кармалды

Жазылуу
Окуя 22-апрелде эртең менен болгон.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Сокулук РИИБинин кызматкерлери кайненесин бычакты делген кишини кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 22-апрелде саат 10:00дөр чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринин реанимация бөлүмүнө бычакталган аял түшкөнү кабарланган.

Бычак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Токмокто массалык мушташта бир жигит бычакталып каза болду
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн атайын ыкчам топ ооруканага барган. Бирок бейтапка тезинен операция жасалгандыктан, аял укук коргоочуларга эч кандай жардам бере алган эмес.

Милиция кызматкерлери жабырлануучу Новопавловка айылынын 54 жаштагы Р.Б. аттуу тургуну экенин аныкташкан.

Бейтап өзүнө келгенде аны 22-апрелде эртең менен күйөө баласы эч суроо-сопкуту жок эле аны бычак менен сайып салганын айтып берген.

Ошол эле күнү шектүү катары 33 жаштагы К.У. аттуу жаран кармалган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0