Митинг. Архивдик сүрөт

Алайда жергиликтүүлөр сабаган үч майып жигиттин жакындары митингге чыкты

329
(жаңыланган 17:41 06.05.2019)
Таякталгандардын бири учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланууда.

ОШ, 6-май – Sputnik. Алай районунун Корул айылында жергиликтүү жашоочулар тарабынан "бала уурдаганы келишти" деген шек менен сабалган жигиттердин жакындары Ош шаарында нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Ош шаарынын борбордук аянтына тынчтык митингине чогулган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 28-апрелде Алай районунун Корул айылында дүлөй жана дудук төрт жигит Орозо календарын сатып жүргөн. Алар эшек минип жүргөн баланы токтотуп сүрөткө түшүү үчүн акча сунушташкан. Төрт жигит өз оюн толук жеткире албагандыктан жергиликтүүлөр аларды "бала уурдаганы келишти" деген шек менен ур-токмокко алышкан.

Сабалган балдардын ата-энелеринин бири Чолпон Абдрахманова балдар тууралуу туура эмес маалымат таркап, алардын укугу тебеленгендигин айтты. Мындан тышкары, айрым массалык маалымат каражаттары балдардын ур-тепкиге алынганы тартылган видеону жүктөгөнүнө нааразы болду.

"Видео социалдык баракчалар аркылуу таркатылса да массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялангандыгы мыйзамсыз. Себеби жергиликтүүлөр балдардын тилин түшүнбөй, аларды тескерисинче ур-соккуга алып, жөнү жок жерден күнөөлөп жатышат. Анысы аз келгенсип, окуянын видеосун да таркатып жиберишти. Интернеттен бул видеону дүйнө жүзүндөгү адамдар көрүп олтурат. Биз күнөөсү жок балдарыбыздын себепсиз эле сабалышына, күнөөлөнүшүнө жол бербейбиз", — деди Абдрахманова.

Нааразычылык акциясы боюнча облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын билдирди.

Анын айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") жана 344-беренесинин ("Жалган маалымат таркатуу") негизинде кылмыш иши козголду. Учурда жабыркаган балдардын ата-энелеринин арызы боюнча тергөө иштери башталды. Балдардын жабыркагандыгы боюнча 3-май күнү медициналык экспертиза дайындалып, учурда анын жыйынтыгы чыга элек.

Алай районунун Корул айылында жашаган үч жигит майып балдарды ур-тепкиге алгандыгы боюнча шектүү катары сурак берип жатат. Мындан сырткары, күбөлөрдөн да көрсөтмө алынууда.

"Майып балдардын унаасынын зыянга учурагандыгы боюнча да арыз түштү. Бул доомат да каралат", — деди Аширбаев.

Нааразычылык акциясына чогулгандар майып балдарды токмоктоого шектүүлөр тиешелүү жаза алуусун, келтирилген материалдык зыян калыбына келтирилишин жана кылмыш иши адилеттүү тергелүүсүн талап кылып, учурда таркап кетишти.

329
Белгилер:
уурдоо, бала, балдар, майып, Алай району
Тема боюнча
Милиция: адамды уурдап кетип, документке кыйнап кол койдургандар кармалды