Жүк ташуучу унаа. Архив

Финпол өлкөгө бажы салыгын төлөбөй киргизилген унааны тапты

195
(жаңыланган 13:01 08.05.2019)
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча бөлүмү Кыргызстандын (Бажы биримдигинин) аймагына мыйзамсыз автоунаа алып келүү фактысын ачыктады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ГСБЭП
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча бөлүмү Кыргызстандын (Бажы биримдигинин) аймагына мыйзамсыз автоунаа алып келүү фактысын ачыктады

"7-май күнү Өзгөн шаарынан Вольво ФН12420 унаасы кармалган. Текшере келгенде бул унааны өлкө аймагына киргизгенде бажы салыгы төлөнбөгөнү аныкталды. Жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион сом чыгым келтирилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

195
Белгилер:
салык, унаа, Евразиялык экономикалык биримдик, финансы полициясы, Ош облусу
Тема боюнча
Террордук иштерге катышкан деген кыргызстандык жаран кармалды. Сүрөт