ӨКМ мунай базадагы өрттү көбүк менен өчүрүп жатат. Жаңы сүрөт, видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРСотрудники МЧС на месте пожара на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде
Сотрудники МЧС на месте пожара на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринде жети өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абаддагы мунай базадан чыккан өрттү куткаруучулар көбүк менен өчүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт бүгүн, 10-майда, саат 10:00дөр чамасында чыккан. Жалынды өчүрүүгө жети унаа тартылды. Жеринде Тез жардам кызматы иштеп жатат. Базанын ээси Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев экени белгилүү болду.

ӨКМден маалымдашкандай, өрттү өчүрүүгө 350 литр көбүк колдонулду, дагы 500 литр сарпталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0