Кантта небересин зордуктады деп шектелген киши өз жанын кыйды

Жазылуу
Анын өлүм алдында жазган катын милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдан табышкан.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Небересин зордуктады деген шек менен кармалган киши Кант шаарындагы милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Незаконная миграция из Мексики в США - Sputnik Кыргызстан
Уулун өлтүрүп кое жаздаган. Жаш келиндин төрт чүрпөсү балдар үйүнө өткөрүлдү
Билдирүүгө ылайык, 7-май күнү милицияга атасына чара көрүүнү суранып аял кайрылган. Анын айтымында, атасы небересин зордуктап жүргөн. Аталган факты КРдин Жазыктар кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздө зордук-зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Ошол эле күнү 55 жаштагы эркек киши кармалган. ШИИБдин маалыматына ылайык, колго түшүрүлгөн адам күнөөсүн мойнуна алып, 2017-жылдан бери кызы жумушка кеткен учурда анын кичинекей балдарын карап калаарын айткан.

"Ушул жылдын апрель айынан бери ал улуу небереси менен интим темаларында сүйлөшүп, ага порно тасмаларын көрсөтүп, кийин бир нече жолу сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн", — деп жазылат милициянын маалыматында.

8-май күнү райондук соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынган. 10-май күнү таңкы саат 06:50дө кармалган адам убактылуу кармоочу жайдын камерасынан өз жанын кыйды.

Окуя болгон жерди текшерип жатып, милиция кызматкерлери суицид жасаган кишинин жасаган кылмышы үчүн туугандарынан кечирим сураган катын таап алышкан. Тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0