Мирбек Атабеков апасына кол салуу болгонун ырастады. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке
Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар ырчынын апасын белгисиз адамдар катуу сабап, үйүнөн жалпы суммасы 70 миң долларды түзгөн буюмдарын жана акчасын карактап кеткенин жазган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков апасынын үйүнөн акча уурдалды деген маалымат боюнча Instagram баракчасы аркылуу үн катты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mirbek Atabekov (@mirbek_atabekov)

"Чындыгында 5-майдан 6-майга караган түнү апам менен карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар (каракчылар) кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп-үркүтүү менен үйдөгү бардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Психологиялык жана физикалык жактан баары жабыр тартып турушат. Кудайга шүгүр, баары аман-эсен", — деп жазган ырчы.

Атабеков мындай окуяга биринчи ирет туш болуп жатканын белгилеп, бийликтен тартип сакчыларынын укугун көбөйтүүнү суранган. Мындан тышкары, ушу тапта апасы менен карындашы психологиялык жактан калыбына келип жатканын айткан ырчы кылмыш дыкаттык менен уюштурулган деп божомолдоодо.

Бүгүн, 13-майда, айрым ЖМКлар ырчынын апасын катуу сабап, үйүнөн жалпы суммасы 70 миң долларды түзгөн буюмдарын жана акчасын карактап кеткенин жазган.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы да карактоо болгону тууралуу билдирүү таратты. Окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-беренинин 3-бөлүгү ("Карактоо") боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталганын билдирди.

"6-май күнү А.Д. аттуу жаран үйү каракталганын айтып, Октябрь райондук милициясына кайрылган. Ал 6-майга караган түнү саат 01.45тер чамасында белгисиз адамдар үйүнө кирип 60 миң долларын жана зер буюмдарын карактап кеткенин билдирди. Бул боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, кылмышка шектүүлөр изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мирбек Атабеков көптөгөн хит ырларды аткаруу менен кыргыз-казак элине таанылган атактуу ырчы. Ага 2016-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наам ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0