Окуучу кыздар. Архив

Зордукчудан качкан окуучу кыз 2-кабаттан кулап... 90-жылдардагы кылмыштар

507
(жаңыланган 11:00 14.05.2019)
Мирбек Сакенов
Мындан 25 жыл мурун май айында өлкө аймагында бир катар чуулуу кылмыштар катталган. Ал мыйзам бузгандардын басымдуу бөлүгү талап-тоноочулук, уурулук менен күн көргөндөр эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги гезит беттерин барактап, резонанс жараткан былыктарды сунуштайт.

Окуучуга кол салган зөөкүр

Бир тууган агасын өлтүргөн киши түрмөдөн жазасын өтөп бүтүп, борбор калаада жалгыз жашап калат. Эргул күндөрдүн биринде Бишкектин четинде ойноп жүргөн кичинекей балдарга кол салып, бирөөсүн мыкаачылык менен бычактап салат. Кылгылыкты кылган соң Нарынга жөө качып, кийин кичи мекенинде милиционерлердин колуна түшкөн. Сот жоопкерчилигинен качып, түрдүү амалдарга барган. Жада калса, акыл-эсинен айныган адам болууга да аракет жасаган, бирок дарыгерлер анын куландан соо экенин тастыктап берген. Сот зөөкүрдү өлүм жазасына тарткан чечим кабыл алган.

Атууга кеткендер

Айылдагы малчынын сарайынан кой уурдаганы барган төрт жигиттин экөө ага-ини экени айтылат. Алар кылмыш болгон жерге атасынын унаасын айдап барышкан. Жаштар сарайдын тосмосунан секирип кирип, үй ээсин балталап өлтүргөн. Андан соң кожойкени да өзгөчө мыкаачылык менен тынчытып, үйдү тоноп кетишкен. Фемида өкүлдөрү алардын экөөсүн атууга өкүм чыгарып, берки эки шеригин 10, 14 жылга эркинен ажыраткан.

56 жылга эркинен ажыратылып

Талап-тоноочулук менен күн көргөн кылмыштуу топ 80ге жакын кылмышты жасагандыгын укук коргоо органдары аныктаган. Эң кичүүсү 17, ал эми улуусу 23 жаштагы тогуз адамдан турган топ Кыргызстан менен коңшу Казакстандын шаарларына уурулук кылып келишкен. Өз ишинин "ыгын" таап алгандар мамлекеттик ишканалардан баштап жогорку кызматтагы аткаминерлерге чейин куруткан. Жалпы жонунан шылуундар 56 жылга эркинен ажыратылган. Ана башчылары 10 жылдан кесилсе, айрымдары 1-2 жылдан соттолгон.

Чоң муштум жаштар

25-30 жаштагы эки шектүү улгайып калган аялдын батирине ууруга кирип, аны катуу сабашкан. Үй ээси алган жаракатынан ошол жерде көз жумган. Анысы аз келгенсип, үйдө акча төлөп батирде жашаган эки студентти да катуу тепкилешкен. Оор абалдагы уландар ооруканага жеткирилип аман калган. Жеңил акча тапкысы келгендер турак жайдагы болгон баалуулуктарды жыйнап кетишкен.

Эптеп аман калган окуучу кыз

Борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган студент мектепте окуучу кызды зордуктоого аракет кылган. Секелек окуя болгон жерден качып кеткенге үлгүргөн. Бирок катуу корккон кыз ал жерден качып баратып экинчи кабаттан кулап, дарыгерлердин жардамы менен аман калган.

Апрель айындагы чуулгандуу соттук чечимди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

507
Белгилер:
90-жылдар, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Досун тирүүлөй өрттөп, сууга ыргытып жиберген. Апрелдеги соттук чечимдер
Токмокто 80 жаштагы карыяны сабайбыз деп коркутуп тоноп кеткендер кармалды