Бишкекте автоунаа коюп кеткен 12 жаштагы бала ооруканага жеткирилди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЗа выезд за стоп-линию будут штрафовать
За выезд за стоп-линию будут штрафовать - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала Москва көчөсүнөн өтүп бара жатканда кырсыктаган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаадагы Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде автоунаа өспүрүмдү коюп кетти. Бул туурасында окуяга күбө болгон адамдар "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасына салышты.

Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан тастыкташты.

"Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип бара жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа Москва көчөсү менен кесилишкен жерден өтүп бара жаткан баланы койдуруп алган", — деп айтышты алар.

Ал эми Тез жардам кызматынан жабырланган бала 12 жашта экендигин жана ал ооруканага жеткирилгендигин билдиришти.

Факт Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, ишти андан ары иликтөө үчүн тиешелүү экспертиза дайындалган. Ал эми автоунаа атайын айып короого токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0