Камерасын туура эмес пайдаланып айдоочудан жеме уккан инспектор жазаланды

© Sputnik / Бакыт ТолкановНовая форма сотрудников новообразованного ГУПМ
Новая форма сотрудников новообразованного ГУПМ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочунун жол инспекторун жарга такаган видеосу 7-май күнү болжол менен саат 8.00дөр чамасында тартылган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Төшкө такчу камерасын туура эмес пайдаланганы үчүн айдоочудан жеме уккан автоинспектор сөгүш алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Тимурлан Мирсадык уулу билдирди.

Аталган видео редакциянын WhatsApp-каналына келген. Анда Токмоктун жол инспектору камерасын унаасына коюп алганы үчүн айдоочудан уруш жеген. Инспектор камера иштебей турганын, аны жөн эле алып жүргөнүн айтып жооп берген. Ролик 7-май күнү болжол менен саат 8.00дөрдө тартылган. 

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЖол инспекторун жарга такаган айдоочу. Токмоктон тартылган видео
Камерасын туура эмес пайдаланып айдоочудан жеме уккан инспектор жазаланды - Sputnik Кыргызстан
Жол инспекторун жарга такаган айдоочу. Токмоктон тартылган видео

Тимурлан Мирсадык уулу кызматтык териштирүүдөн кийин сөз болгон инспекторго нормативдик актыларды билбегени жана иштебеген камераны көтөрүп жүргөнү үчүн сөгүш жарыяланганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0