Балдар суусундукка ууланып көз жумганбы? Министрлик үн катты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүПроверка напитков. Архивное фото
Проверка напитков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта балдардын тобу менен ууланганы, арасында каза болгондору да бар экени тууралуу маалымат тарап жатат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Социалдык тармактарда лимонадга ууланган бала жугуштуу оорулар ооруканасында реанимацияга түшүп, каза болуп калганы боюнча маалымат тарап жатат.

Мындай маалыматтарды бөлүшкөндөрдүн бири Аскер Сакыбаева.

Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар эмнеден көз жумат? Статистика
Ал жугуштуу оорулар ооруканасынын реанимациясында кечээ бир эркек бала каза болгонун, өспүрүм дем алыш күнү "Тархун" суусундугун ичкенин жазды. Баланын дене табы көтөрүлүп, эки күн өзүнө келбей жатып, акыры чарчап калганы айтылды. Андан сырткары, Сакыбаева ооруканага өспүрүм кыз түшкөнүн жазып, ал дагы суусундукка ууланганын белгилеген.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматтар жалган экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маалымдады.

"Ушундай эле маалыматты былтыр да таратышкан. Анда да төгүнгө чыгарганбыз. Бизде балдардын тобу менен ууланган факты катталган эмес", — деп министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Айрым учурларда социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап кеткен учурлар көп болот. Биз алардын чын бышыгын тактап, коомго туура маалымат бергенге бардык аракетибизди көрүп келебиз. Эгер сиз дагы элди кабатыр кылып жаткан маалыматты уксаңыз, бирок анын чын-төгүнүн билбей жатсаңыз +996 706 566 544 номери аркылуу WhatsApp жана Telegram каналдарына жөнөтсөңүз болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0